Мамлекеттик тил жана маданият институтунда 20-сентябрь күнү«Улут болсом тилим менен улутмун»аталышындагы Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу кече Асылбай Ибраев агайдын «Тазалыктын миң сыры» аттуу китебинин бет ачаары менен башталып, студенттер агайдын калемине таандык ырларды көркөм окушту. Автор жарык көргөн китеби тууралу сөз кылып, ырларынан көркөм окуп берди.