Мамлекеттик тил жана маданият институту мамлекеттик тилге арнаган иш-чарасын өткөрдү

25 Сентябрь 2019


13969 Просмотры 2019-09-25 15:27:43

Мамлекеттик тил жана маданият институтунда 20-сентябрь күнү«Улут болсом тилим менен улутмун»аталышындагы Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

Салтанаттуу кече Асылбай Ибраев агайдын «Тазалыктын миң сыры» аттуу китебинин бет ачаары менен башталып, студенттер агайдын калемине таандык ырларды көркөм окушту. Автор жарык көргөн китеби тууралу сөз кылып, ырларынан көркөм окуп берди.

Иш-чарада Мамлекеттик тил күнүнө карата дил баян жана автордук ырлар боюнча жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгып, студенттер 1-2-3-орундагы грамоталар жана кызыктырылуучу сыйлыктар менен сыйланышты. Автордук ырлар боюнча жеңүүчүлөр: 1.Мамадиярова Мээрим 2.Абдизаит уулу Жусуп 3. Акматалиева Нурзат. Дил баян боюнча жеңүүчүлөр: 1.Даниярова Букатыча 2.Нуржан кызы Алина 3. Авазбек кызы Сүйүн.

 Ошондой эле МТМИнин студенттери Мамлекеттик тил күнүнө арналып жазылган авторлордун ырларын көркөм окушту.

Салтанаттуу кече майрамдык иш-чара менен уланып , патриоттук ырлар, комуз күүлөрү ,сахналаштырылган сценка ,кыргыз бий ,викториналык оюндар, дастан айтуу, көркөм окуу ж.б. оюн зоок, көңүл ачуучу программалар менен коштолду.