Күн тарбине ылайык кафедра башчылары С.Каратаеванын, А.Эгембердиеванын, Н.Эргешбаеванын, директордун орун басары А.Каныбекованын, башкы эсепчи Догдурбек уулу Назардын маалыматы угулду. Аралыктан окутуунун маселеси жолго коюлуп, студенттер, магистранттар менен кайтарым байланыш болуп жаткандыгы айтылды. МАКты уюштурулушу да колго алынып, кафедраларда иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгы тууралуу сөз болду. Практика жетекчилери студенттер менен байланышып, атайын программанын негизинде иш алып барып жаткандыгы маалымдалды. Ал эми кесиптик багыт берүүиштери студенттик парламент менен биргеликте иштелип, азыркы кырдаалга ылайык сайттарга маалымат берилип жаткандыгы белгиленди. Аталган маселелер боюнча окуу процессине байланыштуу иштерди, төлөм маселесин, кесиптик багыт берүү иштерин күчөтүү, көзөмөлгө алуу жагы тиешелуу кызматкерлерге милдеттендирилди.