Мамлекеттик тил жана маданият институту Окумуштуулар кеңешинин отурумун өткөрүштү

28 Апрель 2020


14563 Просмотры 2020-04-28 12:15:07

2020- жылдын 24- апрелинде  саат 15.00 дө МТМИнин Окумуштуулар кенешинин кезектеги отуруму кырдаалга байланыштуу ZOOM программасынын негизинде аралыктан өткөрүлдү. Кеңешменин бардык мүчөлөрү байланышка чыгышты, анда төмөнкү маселелер каралды:

1. МТМИнин студенттерин аралыктан окутуу иштеринин жүрүшү тууралуу кафедра башчыларынын маалыматы.

 2. Студенттердин  практикасын өткөрүүмаселеси;

3. Күндүзгү  магистратура бөлүмдөрүндө МАКты уюштуруу боюнча маалымат;

 4. Ар түрдүү маселелер ( окуу акысын төлөө маселеси, абитуриенттерге кесиптик багыт берүү иштери).

 Жогорудагы күн тарбине ылайык кафедра башчылары С.Каратаеванын, А.Эгембердиеванын, Н.Эргешбаеванын, директордун орун басары А.Каныбекованын, башкы эсепчи Догдурбек уулу Назардын маалыматы угулду. Аралыктан окутуунун маселеси жолго коюлуп, студенттер, магистранттар менен кайтарым байланыш болуп жаткандыгы  айтылды.

 МАКты уюштурулушу да колго алынып, кафедраларда иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгы тууралуу сөз болду. Практика жетекчилери студенттер менен байланышып, атайын программанын негизинде иш алып барып жаткандыгы маалымдалды.  Ал эми кесиптик багыт берүү иштери студенттик парламент менен биргеликте  иштелип, азыркы кырдаалга ылайык сайттарга маалымат берилип жаткандыгы белгиленди.

 Аталган маселелер боюнча окуу процессине байланыштуу иштерди, төлөм маселесин, кесиптик багыт берүү иштерин күчөтүү, көзөмөлгө алуу жагы тиешелуу кызматкерлерге милдеттендирилди.