И. Арабаев атындагы КМУда Хусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган илимий иш-чара өттү

21 Январь 2021


10671 Просмотры 2021-01-21 15:42:07

Кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын бири, педагог, котормочу, публицист, туңгуч лексикограф жана лексиколог Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган илимий педагогикалык иш- чара 21- январда И. Арабаев атындагы КМУда белгиленди. Аталган иш- чарага Маданият жана маалымат министринин орун басары Илязбек Балташев, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Аида Ишеналиева, КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, мамлекеттик тил жана коммуникация боюнча проректор Нурмамат Эсенкулов, илимий иштер боюнча проректор Эмиль Каниметов баштаган ректораттын өкүлдөрү, декандар жана мугалимдер катышышты. 
 
Аталган иш- чарага Хусейин Карасаевдин жакындары, айылдаштары да катышты. 
 
Тарыхка өчпөс из салган залкар окумуштууну жакшы билген, филология илимдеринин доктору Келдибек Койлубаев студент кезинде Хусейин Карасаевдин сабак алып, ал кишинин акыл- насаатын көп укканын айтып, төмөнкүчө эскерди. 
 
"Мен Хусейин агайдын таалим- тарбиясын алгам. Ал киши мага сабак берип окуткан. Өтө билимдүү, жөнөкөй киши эле. Сабакты мыкты өткөн, тубаса педагог болчу. Студенттер агайдын сабагына калбай катышчубуз. Агай көп изденип, көп окучу. Агайдын студенти болгонума мен ар дайым сыймыктанам". 
 
Эске салсак, мындан туура бир ай мурда  Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия залкар окумуштуу Хусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата бир айлык өнөктүк жарыялаган. Анда залкар инсандын өрнөктүү өмүр жолун жаштарга үлгү кылуу, эмгектерин, илимий мурасын жайылтуу, коомчулукту сабаттуулукка үндөө, кыргыз тилинин байлыгын даңазалоо пландалган. Мына ошол жарыяланган өнөктүктүн алкагында И. Арабаев атындагы КМУда жогоруда белгилегендей Хусейин Карасаевдин 120 жылдыгы белгиленди.