БҮТҮРҮҮЧҮНҮН ИЙГИЛИГИ – БИЗДИН ИЙГИЛИК...

01 Март 2021


18265 Просмотры 2021-03-01 11:55:52

И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун "Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары" кафедрасы тарабынан Журналистика профилинин бүтүрүүчүсү, учурда өкмөттүк “Кыргыз туусу” гезитинде баяндамачы болуп эмгектенген Нурзада Сагынбаеванын “Баалуу жылдар” (2021) китебинин бет ачары башкы корпустун илимий китепканасында өттү.

Иш-чарага легендарлык парламенттин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Медеткан Шеримкулов менен Кемелбек Ашыралиев, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Акбар Рыскулов, КР эл артисти, профессор Турганбүбү Бообекова, белгилүү журналист Нурбүбү Бөдөшова ж.б. коноктор, окутуучулар, студенттер, бүтүрүүчүлөр катышышты. Эске салсак, Нурзада Сагынбаева – Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, Сарман Асанбеков атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты.

Автор китебине театр тармагындагы көрүнүктүү өкүлдөрү менен болгон ар кайсы жылдар ичиндеги маектерин, эскерүүлөрүн, алар тууралуу кызыктуу баяндарын, театр дүйнөсүнө карата көз караштарын камтыган.

Ал эми, Нурзада Сагынбаева сыяктуу эле, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун "Журналистика" адистигинин ар кайсы жылдардагы бүтүрүүчүлөрү аталган адистиктин түрдүү тармактарында эмгектенишет:

Мисалы, Азиза Сатимбекова – “Леди kg”, Эльвира Какиева – “Тил жана маданият”, Шоиста Шатманова – “Супер инфо” гезитинин башкы рекдактору, Нуржамал Жийдебаева, Аскарбек кызы Элнура "Супер Инфо" гезитинин кабарчылары, Бакыт Сакыбаев – “ЭлТР” каналынын, Алтынбек Беделов – НТСтин “Жаңылыктар” программаларынын алып баруучусу, Мунара Алимжан кызы – Кыргыз радиосунун баяндамачысы, Абдымалик уулу Чыңгыз – “Экотехсервисте” бөлүм башчы, Акылай Маратова менен Кенжебай Саткыналиев “Nex TV” каналында журналист.

Бахтияр Кыдыралиев – НТСте спорт баяндамачы, Кайырбек Туратбеков менен Нурмат кызы Айсалкын – “ЭлТР” каналынын кабарчылары, Таалайбек кызы Айсулуу – аталган телеканалдын модератору, Зульфия Тургунова – “Спутник” теле-радио каналынын Ош шаарындагы филиалынын кабарчысы ж.б.

Учурунда айтылуу “Асаба” гезитинде иштеген, андан кийин "Де-ФАКТО" гезитинин башкы редактору болгон көрүнүктүү журналист, учурда Швейцарияда жашаган, эл аралык “Булан” университетинин негиздөөчүсү Чолпон Орозобекова дагы КМУнун Тил жана маданият институтунун журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Журналисттик кесиптин жүгүн аркалап, чаалыкпай иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрүбүздүн ийгилиги – биздин ийгилик.