Мамалекеттик тил жана маданият институтунда Асылбай Ибраевтин чыгармачылыгына арналган иш- чара өттү

21 Ноябрь 2019


13807 Просмотры 2019-11-21 16:09:46

2019-жылдын 15-ноябрында  И.Арабаев атындагы КМУнун Малекеттик тил жана маданият институтунун Тил даярдыгы жана котормо кафедрасы тарабынан уюштурулган «Тазалык философиясы ,заманбап рухий жана тил көйгөйлөрү профессор Асылбай Ибраевтин эмгектеринде» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш- чараны ачып берүү үчүн алгы сөз И.Арабаев атындагы КМУнун илимий иштери боюнча проректору  Э.Ж.Каниметовго берилди. Андан соң  Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Дюшембиева Айгул Осмоновна сөз сүйлөдү. 

Ошондой эле иш- чарага Асылбай Ибраевдин эмгегин жакындан билген  замандаштары, Эл аралык Ала-Тоо университетинин проректору Ж.Каниметов, КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги Б.Мурзубраимов, физика математика илимдеринин доктору, профессор К.Осмоналиев, филология илимдеринин доктору, профессор С.Ибрагимов ,филология илимдеринин доктору, профессор Т.Сыдыков , филология илимдеринин доктору, профессор А.Эгембердиева, Тосор коомунун президенти Т.Койчумановдор катышып, каарманды куттукташты. Аталган факультеттин студенттери автордун калемине бир нече ырларды көркөм окушту.