И. Арабаев атындагы КМУда эне тилдин эл аралык күнүнө арналган чоң иш чара өттү

20 Февраль 2020


15448 Просмотры 2020-02-20 17:12:29

19-февралда 21- февраль-Эне тилдин эл аралык күнүнө карата И. Арабаев атындагы КМУнун илимий китепканасында тилге арналган чоң иш- чара болуп өттү. Аталган иш- чараны университеттин Мамлекеттик тил жана коммуникациялар бөлүмү менен Мамлекеттик тил жана маданият институту биргеликте уюштурушту.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Назаркул Ишекеев, Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тил боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнара Ибраимова, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов, проректорлор Нурмамат Эсенкулов, Тууганбай Коңурбаев, Эмиль Каниметов, Амангелди Сыйырбеков, Мелис Оңолбаев, Окуу бөлүмдүн башчысы Октябрь Капалбаев, факультет декандары, окутуучулар, студенттер катышышты. Жыйында эне тилге арналган жалындуу жакшы сөздөр айтылды. Студенттер эне тил тууралуу жазылган акындардын ырларын окуп, комуздун коштоосунда ыр арнашты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, мамлекеттик тилди жайылтуу, өнүктүрүү тармагында эмгек өтөгөнү үчүн И. Арабаев атындагы КМУнун проректорлору Эмиль Каниметовго , Октярь Капалбаевге, Амангелди Сыйырбековго Улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгисин ыйгарса, проректор Мелис Оңолбаевге, окутуучулар Идирисов Медербек менен Темирбек уулу Иличке жана ректордун жардамчысы, окутуучу Айтымбетов Мирбек Бакытовичке “Ардак грамотасын" тапшырды.