КМУда “Сабаттуу бол” аттуу студенттердин дил баян жазуу сынагы уюштурулду

13 Март 2020


9600 Просмотры 2020-03-13 16:55:24

И. Арабаев атындагы КМУнун бардык курамдарында окуган студенттер арасында «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында, Филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын кыргыз тилчи мугалимдеринин жетекчилиги менен 2020-жылдын 10-февралынан 21-февралына чейин дил баян жазуу конкурсу болду.

Конкурс 2 турда өттү. Биринчи туру “Бүгүнкү менин айылым: абалы жана келечеги”, “Бүгүнкү менин үй-бүлөм: канткенде менин үй-бүлөмдүн турмушу оңолот?, “Айылым өнүксө, өлкөм өнүгөт” – деген темада өткөрүлүп, 14-февралда жыйынтыкталган. Биринчи турда мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен 46 студент 2-турга тандалып алынды.

Конкурстун экинчи туру 18-февралда “Ааламга жол айылдан башталат”, “Айылды санариптештирүү жана балдарды колдоо – өлкөнүн келечеги” , “Улуттун улуулугу – Эне тилинде” деген темаларда жүргүзүлдү.  

Конкурстун жыйынтыгы 20-февралда Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнүнө карата чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды: Жеңүүчү студенттерге сертификаттарды И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана коммуникациялар боюнча проректору Эсенкулов Нурмамат Жокенович өзү тапшырды. 

 

I курстар арасынан:

  • Маратбекова Сезим МжЛ институту  БА-3-19

  • Нурлан кызы Айпери ГЭжТфакультети Гб-1-19

  • Турсунбекова Бермет ЯТ институту ТОГУ-1-19

  • Ташева Фатима КМжББ факультети ТО-11-19

  • Камчыбекова Айдана ТСУББ факультети  СЭОк-12-19

  • Абдыбекова Кылымай ЯТИ институту РЯ-1-19

II курстар арасынан:

  • Акылбеков Элдос ЯТ институту РЯ-1-18

  • Шалдырбекова Айканыш ФМББжМТ факультети ФМО Ф-11-18

  • Рустамова Алтынай МжЛ институту Фа-11-18

  • Баркыжокова Сезим  ГЭжТ факультети Гб-1-18

  • Шарипова Аида МжЛ институту КЛ-1-18

  • Акиева Алия МжЛ институту КЛ-1-18