Аттиң! Аттиң! Арга жок...

13 Сентябрь 2021


4657 Просмотры 2021-09-13 10:11:15

И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун окутуучусу, Филология илимдеринин кандидаты, доцент Дүйшөмбиев Сүйүнбек Сманович келбес сапарга узады.

Эл ортону элүүнү көрбөй, жүрөгү күтүүсүз токтоп калган кесиптешибиз эми зар какшап жоктосок да кайтып келбес.

Бүгүн биз аны көзгө жаш, көкүрөккө муң толо кайткыс сапарга узатуудабыз.

Баарыбыз анын жаркын мүнөзүн, жакшы сапаттарын көз алдыбызга келтирип, аны өлүмгө кыйбай турган менен арга жок экен.

Ал кыргыз адабиятындагы элдик оозеки чыгармачылыкты, "Манас" эпосун изилдеп, филология илимдерине өз салымын кошуп, жаштарга билим жана тарбия берүүнүн мыкты үлгүсүн көргөзүп келди.

Кесиптештеринин арасында өзүнүн адамкерчилиги, ак ниет, боорукер сапаттары менен чоң сый-урматка ээ эле.

Кең пейил, чынчыл, жигиттик мыкты сапаттардын ээси болчу.

Кабыргабызды кайыштырып, арабыздан эрте кеткен Сүйүнбек Смановичтин үй бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Кесиптешибиздин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Кайрат кылыңыздар! Кудайым бейиштен орун берсин!

Кош, Сүйүн, сен биздин эсибизде ар дайым мыкты кесиптеш катары сакталып каласың.

И. Арабаев атындагы КМУнун ректораты