Жаңы жылыңыздар менен!

30 Декабрь 2021


3501 Просмотры 2021-12-30 13:40:05

Сиздерди мамлекеттик тил жана коммуникациялар бөлүмүндөгү кызматкерлердин жана жана өзүмдүн атымдан келе жаткан 2022-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! 2021- жыл бүткүл дүйнө эли менен бирге бизге да көп кыйынчылыктарды, жоготууларды алып келген жыл болду.

Коронавирустун кесепетинен айрым кесиптештерибизден ажырадык. Ишибизде кыйынчылыктар болду. Бирок биз чыдамкайлык менен баарын көтөрдүк, өз милдетибизди жоопкерчилик менен так аткарууга аракет жасадык. Эң негизгиси бир кишидей болуп, ынтымактуу иштедик, бири- бирибизди колдодук. Ошонун натыйжасында кыйынчылыктарды жеңип чыктык.

Келе жаткан 2022- жыл ак жолтой жыл болсун! Өз милдетибизди ийгиликтүү аткарып жүрөлү, аман бололу. Жаңы жылда сиздерге чын ден соолук, үй бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалаймын. Баарыбызды жакшылык жылоолоп жүрсүн.

И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана коммуникациялар боюнча проректору, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Эсенкулов Нурмамат Жокенович!