МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА МАДАНИЯТ ИНСТИТУТУ КОРЕЯДАГЫ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫ МЕНЕН ОНЛАЙН ТЕЛЕМОСТ САБАКТАРДЫ УЮШТУРУП ЖАТАТ

16 Февраль 2022


9273 Просмотры 2022-02-16 11:40:56

Эл аралык өнөктөштөр менен байланыш түзүүмаксатында МТМИнин Тил даярдыгы жана котормо кафедрасынын башчысы Н.Эргешбаева жана окутуучу Ким Док Юн  тарабынанТүштүк Кореядагы Чеджу Халла  университетти (JegHalla University)Тэгу университеттери(Taegu University) менен  2021-жылдын сентябрь айында сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бул сүйлөшүүлөрдүн негизинде ТЫНЧ ОКЕАН АЗИЯ КООМУ(PAS) тарабынан “Котормо жана котормо таануу” профилинин студенттерине 2022-жылдын 8-февралынан-17-февралына чейин 2 жумалык телемост-сабактары өтүлө баштады. Бул өтүлүп жаткан телемост сабактардын максаты-  кыргыз-корей студенттердин ортосундагы байланышты чыңдоо,  корей маданияты жана баалуулуктары жөнүндөмаалымат берүүжана аларды Кыргыз маданияты  менен салыштыруу. 10-февралда ЧеджуХаллауниверситеттименен Тил даярдыгы жана котормо кафедрасынын профессор-окутуучулук жааматтарынын жолугушуусу онлайн режиминде өттү. Онлайн жолугушууга МТМИнин директору А.О.Дюшембиева, институттун директорунун орун басары А.Каныбекова катышышты.

 PASтын президенти Ким Ил Ун өз сөзүндө Кыргыз-корей мамилелер - бардык тармактарды камтыган салттуу бекем жана достукка негизделген эки тараптуу кызматташтыктын пайдубалында тургандыгын,  бул өтүлүп жаткан онлайн сабактар маалыматтар, идеялар менен эркин алмашууга жана Түштүк Кореяменен Кыргызстандын студенттеринин  ортосундагы өз ара түшүнүүну жана байланышты тереңдетүүгө түрткү болооорун айтты.

Тил даярдыгы жана котормо кафедрасынын башчысы Н.А.Эргешбаева  Түштүк Корея университеттери менен тыгыз кызматташтыкта иштеп келе жаткандыгынын жыйынтыгы катары “Котормо жана котормо таануу” профилинин бүтүрүүчүсү Т.Сатыеванын Тэгу университетинин “Лингвистика” багытында магистратурада окуп жаткандыгын белгилеп, мындан ары да кызматашууга кызыкдар экендигин жана онлайн сабак өтүп жаткан окутуучуларга ыраазычылык билдирди.