И.Арабаев атындагы КМУда "Манас эпосу кечээ, бүгүн жана эртең" аталышында илимий - практикалык конференция болуп өттү

01 Декабрь 2022


1086 Просмотры 2022-12-01 16:08:35

Бүгүн, 1-декабрда И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Манас таануу кафедрасы тарабынан "Манас эпосу кечээ, бүгүн жана эртең" аталышында илимий - практикалык конференция өткөрүлдү.

Аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Филология илимдеринин доктору, Манас таануучу Советбек Байгазиев, Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу, университеттин ректору Айгүл Абдраева жана проректорлор, окутуучулар, студенттер катышышты.

Конференцияда “Манас” эпосу боюнча илимий баяндамалар жасалып, эпостун тарбиялык мааниси, кыргыз элинин салты жана нарктуулугу, маданияты тууралуу талкуу жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын 4-декабрь “Манас” эпосунун күнү катары белгиленип келет.