Мамлекеттик тил жана маданият институту «Ишеналы Арабаев-алгачкы кыргыз интеллигенциясынын устаты» аттуу семинар өткөрдү

07 Декабрь 2022


1062 Просмотры 2022-12-07 17:13:23

7-декабрда И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту Бишкек шаарындагы  мектептердин мугалимдери үчүн илимпоз И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата «Ишеналы Арабаев-алгачкы кыргыз интеллигенциясынын устаты» аттуу семинар өткөрдү. Семинарга Бишкек шаарындагы мектептердин мугалимдери, окуучулар катышышты.

Семинардын максаты кыргыз жергесинде алгачкы мектептерди ачкан, бир катар жооптуу кызматтарда иштеп, өлкөнүн коомдук жана саясий иштерине активдүү катышып, кыргыз мектептери үчүн мугалимдерди даярдай турган курстарды уюштурган, кыргыз элинин сабатсыздыгын жоюу үчүн эмгектенген алгачкы агартуучу-илимпоз Ишеналы Арабаевдин ишмердигин окуучуларга жеткирүү болуп саналат.

Мындай иш чараларды уюштуруу ЖОЖ менен мектептерди байланыштырып, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, инклюзивдүү билим коомдорун калыптандырууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.