«Ишеналы Арабаев – кыргыздын тунгуч агартуучу-окумуштуусу»

16 Декабрь 2022


1830 Просмотры 2022-12-16 11:27:50

15-декабрда И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы И. Арабаевдин 140 жылдыгына карата «Ишеналы Арабаев – кыргыздын тунгуч агартуучу-окумуштуусу» аттуу жаш изденүүчүлөрдүн илимий-практикалык конференциясын ѳткѳрдү.
Конференцияны университеттин ректору, ф.и.к., профессор м.а. Абдраева Айгүл Тѳлѳковна ачып берди. Андан соң, институтунун директору, проф.м.а. Дюшембиева Айгүл Осмоновна, кафедра башчысы Каратаева Сонайым Кубатбековналар сѳз сүйлѳштү.
Институттун магистранттары жана студенттери баяндамаларды жасап, И.Арабаевдин илимпоз-агартуучулук, коомдук ишмер, ошол мезгилдеги советтик агартуу системасын түптөөгө зор салым кошкон, ар бир окуучунун сапаттуу билим алуусу жана коомдун турмушуна толук кандуу катышуусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү ачкан автор экендиги тууралуу кеңири маалыматтарды беришти. Жаш изденүүчүлѳрдүн баяндамалары кызуу талкуу жаратып, суроо-жооптор менен коштолду.
Конференциянын материалдары КР Улуттук аттестациялык комиссиясы сунуштаган журналдардын тизмесине кирген «Кыргыз тили жана адабияты: окутуунун инновациялык технологиялары» илимий-методикалык журналына жарык көрмөкчү.