Мамлекеттик тил жана маданият институтунун «Жылдын мыктылары»

25 Декабрь 2018


14404 Просмотры 2018-12-25 12:12:55

22-декабрда Мамлекеттик тил жана маданият институтунда жаңы жылдык кече ѳткѳрүлүп, "Жылдын мыктылары" тандалып сыйлыктар тапшырылды.

Кечени ачып берүү үчүн институттун директору А.О.Дюшембиева куттуктоо сѳз сүйлѳдү: “Узап бараткан жыл институт үчүн жакшы жемиштүү жылдардан болду десек жаңылышпайбыз, себеби окуу иштеринде болобу, коомдук иштерде жана спорттук мелдештерде да окутуучулар жана  студенттер ийгиликтерди багындырып жатышты деп белгиледи. Жаңы жыл баарыбыз үчүн жаңы кадам, жаңы идеялардын жылы болсун”, - деген тилегин билдирди. Кеченин жүрүшүндѳ  А.О.Дюшембиева, директордун орун басары А.Каныбекова, кафедра башчылары: С.Каратаева, Н.Эргешбаева, А.Эгембердиевалар куттуктоо сѳз сүйлѳшүп,  "Жылдын мыктыларына" мактоо баракчалары жана кызыктыруучу белектерди тапшырышты.

 Жылдын мыкты окутуучусу" номинациясына Кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын доценти Абдуллаева Райкан, Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынан Артур Ажыбаев, Тил даярдыгы жана котормо кафедрасынан

Ким Док Юн татыктуу деп табылды.

"Жылдын мыкты студенти" Нарынбек кызы Зуура, "Жылдын мыкты практиканты" Асантурова Айдай татыктуу деп табылып, мактоо баракчалар менен сыйланды.

Ошондой эле бир жыл ичинде  И.Арабаев атындагы КМУнун коомдук жана илимий иштерине активдүү катышкан, ЖОЖ арасындагы ар түрдүү конкурстарда, Кыргыз радиосу тарабынан ЖОЖдор арасында ѳткѳрүлгѳн "Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган" таймашка, Майыптар күнүнѳ арналган "Кайрымдуулук акциясына жана Корей тили боюнча конкурска катышкан студенттерге мактоо баракчалары жана акчалай сыйлактар тапшырылды.

Жаңы жылдык кече ыр, бий коштолуп,  МТМИнин тамаша шоучулары күлкү тартуулашты.