Мамлекеттик тил жана маданият институтунда «Кыргыз баалуулуктары» аталышындагы интеллектуалдык таймаш өттү
![](http://arabaev.kg/add-arabaev/publicsan/img/3ecb8137-44d4-4a14-aa2a-28f17f6396e0.jpg)
18 Март 2019
«Нооруз» майрамынын урматына Мамлекеттик тил жана маданият институтунда «Кыргыз баалуулуктары» аталышындагы интеллектуалдык таймаш болуп өттү.
Таймаштын негизги максаты: кыргыз улуттук баалуулуктарын, каада-салтын, адабий жана тарыхый мурастарын унутта калтырбоого жаштарды үндөө, таймаштарга болгон кызыгуусун арттыруу, алардын алган билимдерин андан ары өркүндөтүүсүнө өбөлгө түзүү болуп саналат.
Институттун 1-2-курсунун студенттеринен команда түзүлүп, жалпысынан 6 команда ат салышты.
Оюн 3 тур менен өтүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды. Институттун жетекчилиги жеңүүчүлөрдү Ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйлады!