Кулактандыруу!!!

14 Апрель 2019


9116 Просмотры 2019-04-14 11:11:29

   Урматтуу кесиптештер!

    Сиздерди И.Арабаев атындагы КМУнун чоң жыйындар залында 2019-жылдын 24-апрелинде өтө турган “Мамлекеттик тилдин учурдагы маселелери жана келечеги” аттуу илимий-практикалык конференцияга чакырабыз. Илимий-практикалык конференция жогорку мекемелер тарабынан уюштурулуп жатат. Уюштуруу тобу окумуштууларды, коомдук ишмерлерди, акын-жазуучуларды, жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучуларын, мектеп мугалимдерин, магистрант, аспиранттарды, дегеле кыргыз тилинин тагдырына кайдыгер карабаган жарандарды күтөт.

Илимий жыйын төмөнкү багыттарда иш алып барат:
1. Мамлекеттик тилдин өнүгүш тенденциялары жана көйгөйлөрү;
2. Мамлекеттик тилдин өнүгүшүндөгү адабий өбөлгөлөр;
3. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү педагогикалык жана методикалык аспектилер.

Илимий жыйындын тили: кыргыз жана орус тилдери.

Конференциянын материалдарын жарыкка чыгаруу үчүн илимий баяндаманы төмөнкү тартипке келтирип, 12-апрелге чейин салыңыздар: Көлөмү 6-10 бет, текст MS Word, шрифт Times New Roman, кегль-12, интервал 1,5. Автордун аты-жөнү, окумуштуулук даражасы, ээлеген кызматы, иштеген жери. Конференциянын материалдары КМУнун “Жарчысына” чыгарылат. Макалалар талаптарга ылайык болуусу зарыл. Конференциянын материалдары төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш.,10-кичи району,Т.Саманчин көчөсү, 10А, Мамлекеттик тил жана маданият институту. Байланыш тел: 0312542642, эл.почта: institut.igyak@mail.ru

Конференциянын өзү өтө турган дарек: И.Раззаков көчөсү 51 А.

(Конференциянын программасы тиешелүү адамдарга жана окуу жайларга 3-4 күн калганда таркатылат).