Комуз күнү куттуу болсун!

09 Сентябрь 2019


13149 Просмотры 2019-09-09 15:42:30

 9- сентябрда өлкө аймагында Комуз күнү белгиленүүдө. Эске салсак, Кыргызстанда Комуз күнү биринчи ирет белгиленип жатат.

Бул күндү утурлай башка облустарда дагы иш-чаралар уюштурулду. Оштогу Алымбек Датка этнографиялык комплексинде 500 комузчу "Маш ботой" күүсүн чертишти. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков быйыл июлда кол койгон жарлыкка ылайык, "9-сентябрь - Кыргызстанда Комуз күнү" - деп белгиленген.

И. Арабаев атындагы КМУнун Көркөм өнөр маданият жана билим берүү факультетинен дагы жыл сайын жүздөгөн бүтүрүүчүлөр маданий билимге ээ болуп диплом алып чыгышууда. Андыктан аталган факультеттин эмгек жамаатын жана студентерин, жалпы эле Кыргызстандыктарды бүгүнкү Комуз күнү менен куттуктайбыз!