Ректор Төлөбек Абдырахманов япон ишкерлери менен жолукту

14 Апрель 2022


2026 Просмотры 2022-04-14 14:49:23

И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович Япон ишкерлерин жана КМУнун япон таану институтунун директору Айбек Самаровду кабыл алды.

Ректор менен жолуккан Recreateinc компаниясынын генералдык директору -Китагава Теппей жана Ryukyu Osaka компаниясынын генералдык директору - Масуда Эйжиро мырзалар университет менен тыгыз кызматташууга ниеттери бар экенин билдиришти. Ректор Т. Абдырахманов кызматташуу университеттин шартына ылайык келсе, кызматташууга даяр экенин билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстанда кыргыз япон кызматташтык фонду түзүлгөн. Жогоруда белгилеген япон инвесторлору дал ошол фонддун ишмердигинин алкагында расмий эмес иш сапарлары менен келишкен.