Ректор Төлөбек Абдырахманов Ётсухаши Мичинори менен жолугушту

16 Май 2022


2569 Просмотры 2022-05-16 12:54:22

Бүгүн, 16- майда И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов КМУнун алдындагы япон таануу институтунун директору Айбек Самаровду жана жарандарды япон өлкөсүнө жумушка орноштуруу борборунун директору Ётсухаши Мичинорини кабыл алды.

Жолугушууда эки тарап кызматташтыкты артыруу, жаңы долбоорлордун үстүндө биргеликте иш алып баруу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

КМУнун алдындагы япон таануу институту студенттерге күн чыгыш өлкөсүнүн тилин, маданиятын үйрөтүү менен бирге эле, студенттердин япониядан билим алуусуна, иштөөсүнө жол ачып келет.

Буга чейин аталган институттан билим алган бир нече студент япония мамлекетинен билимин улантып, ишке орношушкан.