Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэданын жубайы Каэко Маэда айымга КМУнун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

18 Май 2022


2621 Просмотры 2022-05-18 13:22:46

 И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессорТөлөбек Абдырахманов, биринчи проректор, филология илимдеринин кандидаты Айгүл Абдраева Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэданын жубайы Каэко Маэда менен жолукту.

Жолугушууда билим берүү жаатында кызматташуулар тууралуу сөз болуп, аларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле окуу жайдагы япон таануу институту менен болгон кызматташтыкты күчөтүү, институтта билим алып жаткан студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн артыруу боюнча сөз болду.

Андан соң, окумуштуулар кеңешинин чечими менен япон элчисинин жубайы Какэко Маэда айымга И.Арабаев атындагы КМУнун “Ардактуу профессор” наамы ыйгарылды.

И.Арабаев атындагы КМУнун япон таануу институту Япон элчилиги менен ачылгандан тартып тыгыз кызматташып келет. Инститтуу ийгиликтүү аяктап жана билим алып жаткан студенттер Япониянын алдыңкы университеттеринде билимдерин жогорулатуу менен бирге иш менен да камсыз болуп келишет.