“Асман тиреген тоолордун өлкөсү – Кыргызстанды И.Арабаев атындагы КМУ менен бирге тааны” кышкы лагери

07 Февраль 2023


1144 Просмотры 2023-02-07 13:21:16

Бүгүн, 7-февралда КМУнун Илимий китепканасынын залында “Асман тиреген тоолордун өлкөсү – Кыргызстанды И.Арабаев атындагы КМУ менен бирге тааны” кышкы лагеринин ачылыш аземи болуп өттү. Лагерь, Азия-Тынч океан аймагындагы университеттердин мобилдүүлүгүн уюштуруу программаларынын алкагында ишке ашырылып жатат (UMAP). Лагерди КМУнун ректору Айгүл Абдраева куттуктоо сөзү менен ачып берди. Аталган иш-чарага университеттин проректорлору, курам жетекчилери жана студенттери катышууда.
Алдыда 10-февралга чейин улана турган Кышкы лагердин кызыктуу программасы менен биздин баракчада тааныша аласыздар.