1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы “Кыргызстанда СПИД-инфекциясынын азыркы учурдагы эпидемиологиялык абалы»аталышында семинар өткөрдү.
Семинаргауниверситеттин окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышышты.
Иш чаранын жүрүшүндө Республикалык “СПИД” борборунун врач-эпидемиологдору Адина Турганбаева, Эльнура Чаткалбаева жана диспансер бɵлүмүнүн врачы Баккелди Жумабековдор катышуучуларга лекция-докладдарды окуп, видеофильмдерди көрсөтүштү. Семинардын аягында каалоочулар антителага тест тапшырышты.