Биофакта студенттер күнү белгиленди
Posted By: Admin Дата: 2019-11-19 17:28:57 Просмотров:13374

14-ноябрда Биология жана химия факультетинде
1-курста билим алып баштаган студенттер үчүн “Студенттик жашоонун биринчи кадамы” аттуу салтанаттуу маданий кече болуп өттү.
Аталган иш- чарага факультеттин деканы Маматкан Чоров, кафедра жетекчилери жана мугалимдер катышышты.

Даярдалган программага ылайык студенттер кеченин конокторуна өз өнөрлөрүн тартуулап, ырдап- бийлеп көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.

Иш чаранын соңунда жакшы окуган студенттер факультеттин мактоо баракчалары жана сертификаттары менен сыйланышты.


Top