Биология жана химия факультетинде студенттердин илимий изилдөөлөрүнө арналган конференция өттү
Posted By: Admin Дата: 2020-02-21 14:11:44 Просмотров:12191

Биология жана химия факультетинин  “Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы” кафедрасынын илимий темаларынын бири  болгон педагогикалык багыттагы - “Биололгиялык дициплиналардын мазмунун жана формасын жакшыртуу” илимий изилдөө иштеринин алкагында студенттердин илимий изилдөө иштеринин жыйынтын чагылдырган кружоктун жыйынтыктоочу конференциясы үстүбүздөгү жылдын 18-февралында болуп өттү.

  Студенттердин илимий иштеринин  кружогу Бб-13-17 тайпасы менен биргеликте улук окутуучу Ж.А.Андакулованын жетекчилиги астында  “Биололгияны окутуунун методикасы” дисциплинасы  боюнча XVII-XXI-кылымдарда биологияны окутуунун методикасынын өнүгүү тарыхы”, - деген темада болду.

Аталган илимий жыйынга факультеттин жогорку курстарынын студенттери жана факультеттин окутуучулары активдүү катышышты. Конференцияда студенттер өздөрүнүн илимий иштерин, илимий педагогикалык адабияттарды талдоо, биологияны окутуунун технологиясынын ар бир кылымга карата өнүгүү динамикасын илимий практикалык иштери менен, лабораториялык тажырыйбалары жана видеолор менен далилдеп беришти. 

Конференция кызыктуу өттү. Соңунда конференциянын резолюциясы менен студенттердин кезектеги илимий иштери пландаштырылды. Жыйынтыгында профессор Давлетова Ч.С., профессордун милдетин аткаруучу Шаршеналиева Г.А. профессордун милдетин аткаруучу  Бейшеналиева С.Т. жарыш сөзгө чыгып сөз сүйлөштү.


Top