Биология жана химия факультетинин «Табигый-илимий билим берүү» багытынын «Химия» профилинин 4-курсунун Хб-13-16 группасынын студенти У.О. Абдраимова 2019-жылдын февраль айынан баштап Бишкек шаарынын №10 жалпы билим берүү орто мектебинде «Химия» мугалими болуп иштеп келүүдө.
Уулкан аз убакыттын ичинде көптөгөн жетишкендиктерге ээ болду, айта кетсек, У.О. Абдраимованын жетекчилиги астында химия предмети боюнча 8-класстардын арасында өтүлгөн «Время Знаний» Бүткүл россиялык олимпиадада Окушева Элина IIIорунду ээлеп, сертификатка ээ болду. Студентибиздин сыймыгы – биздин сыймык!