Биология жана химия факультетинин профессору М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын бүтүрүүчүлɵрүнүн (бакалавр, магистр) квалификациялык иштерин алдын ала коргоосу ийгиликтүү ɵттү
Posted By: Admin Дата: 2020-05-20 16:37:25 Просмотров:7755

18-19 май күндɵрү биология жана химия факультетинин профессору М. М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында Онлайн режиминде «Табигый илимий билим берүү» багытындагы бүтүрүүчү студенттердин квалификациялык иштерин алдын ала коргоо болуп ɵттү.

Бб-13-16 тайпасынын студенттери: Болотбек к. К., Топиболдиева У., Айтбаева Д., Бр-11-15 тайпасынан Б.Джанышева, К.Жаанбаева жана Г.Мамедовалар аткарган дипломдук иштеринин максатын, милдеттерин, аткарылган иштерин жана сунуштарын презентация менен кɵргɵзүштү жана проект-сунуштарын кɵрсɵтɵ алышты. Дипломдук иштерди алдын ала коргоо жобосуна ылайык квалификациялык иштердин аткарылышы коюлган талаптарга толугу менен жооп берет жана МА квалификациялык иштери сунушталды. Бүтүрүүчү бакалавр-студенттеринин ичинен ɵзгɵчɵ белгилеп кетүүчү дипломдук иш Д.Айтбаеванын «Биоартүрдүүлүк кафедрасынын окуу-тажрыйба аянтчасын ландшафттык проектирлɵɵ» аттуу темадагы иши жогорку денгээлде аткарылып, ланшафттык проектирлɵɵнүн 3D-проектиси кафедрага сунушталды.

Илимий жетекчиси: кафедранын ага окутуучусу Нурманбетова А.Т. Бүгүнкү кафедранын отурумунда дипломниктердин квалификациялык иштерине сырткы  рецензенттер  аныкталды.

Ал эми 19-майда кафедрага бекитилген 12 бүтүрүүчү магистр ZOOM-платформасында Онлайн режиминде магистрдик иштерин алдын ала коргошту. 550100 «Табигый-илимий билим берүү багыты», «Биология» программасынан 6 магистрант, 520200 «Биология» багыты, «Биотехнология» магистрдик программасынан 6 магистр магистрдик иштерин алдын ала ийгиликтүү коргошту.

Шифр

Багыты

Магистрдик программа

Бүтүрүүчүлɵрдүн саны

1.

550100

ТИББ

«Биология»

6

2.

520200

Биология

«Биотехнология»

6

Алдын ала коргоо иш чарасында ар бир магистрантка аткарган иштери боюнча кызыктуу суроолор берилип, иш-чаранын ар бир катышуучусу жеткиликтүү жоопторун ала алышты.

ТИББ багытындагы магистранттардын илимий иштеринин актуалдуулугу бүгүнкү күндɵ билим берүүдɵ болуп жаткан ɵзгɵрүүлɵргɵ ылайык изилдɵɵлɵр экендиги магистрлердин докладдарында кеңири чагылдырылган.

Бул маселени отурумдагы профессордук-окутуучулар курамынын ой-пикирлери жана иштердин жыйыктыктары келечекте окутуу процесстеринде колдонулушу талкууланды.

Биология багытындагы «Биотехнология» программасынын магистранттарынын илимий иштери биологиянын азыркы учурдагы актуалдуу темаларына арналып, иштин жыйынтыгында сунуштар айтылып, кызыктуу талкуу жүрдү. Бүтүрүүчү магистрлердин магистрдик диссертациялары МАга коргоого сунушталды.


Top