Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы онлайн жыйын өткөрдү
Posted By: Admin Дата: 2020-06-02 14:53:35 Просмотров:13047

Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын май айына пландаштырылган кеңешинде 2019-2020-окуу жылынын аралыктан окутуудагы олуттуу маселелеринин дагы бири талкууланды. Алар:

  1. Кесиптик - базалык педпрактиканын өтүшү жана жыйынтыгы (сапаты)  жөнүндө.
  2. 2019-2020-окуу жылындагы “Биология” багытында билим алган студенттердин  “Экология” боюнча (6-семестр) жайкы окуу-талаа практикасына даярдык,  анын жүрүшү жөнүндө.
  3. Квалификациясын жогорлатуу иш чараларга мугалимдердин катышуусу жөнүндө.
  4. Кафедранын окуу-методикалык комиссиясынын окуу жылында аткарылган иштери боюнча отчетун талкуулоо.
  5. Магистранттардын  илимий изилдөө практикасынын отчету (2-курс)  жана магистранттардын диссертациясын апробациялоо.
  6. Магистранттардын кезектеги аттестациясы: (1-курс үчүн) о.э. жайкы илимий изилдөө ишине (практикасына - 520 200 багытында) жана педагогикалык ишке (550 100 багытында) жолдоо.
  7. Жайкы модулдук-рейтингдик жана экзамендик-зачеттук сессиянын жүрүшү боюнча маалымат: кафедрага тиешлүү предметтер боюнча сапаттык көрсөткүчтөрдү анализдөө.
  8. Студенттердин илимий ийримдеринин багыттары, алардын жүрүшү, аткарылышы жана сапатын анализдөө жана сунуштар.

Кеңеш 2 күнгө пландаштырылып, бүтүрүүчү магистранттардын диссертацияларын алдын ала коргоосу да ийгиликтүү өттү.


Top