Биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы Эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурду
Posted By: Admin Дата: 2020-12-12 14:40:51 Просмотров:11515

2020-жылдын 8-декабрында  "Табигый илимдердин заманбап көйгөйлөрү жана биология менен химияны окутуунун технологиялары”аттуу онлайн Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Жыйынга  Абай атындагы Казах улуттук педагогикалык  университетинин өкүлү п.и.д., профессор Ж.М.Чильдибаев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биология бөлүмүнүн башчысы, б.и.д., профессор Г.Т.Курманбекова, Ош мамлекеттик университетинин Зоология жана экология кафедрасынын башчысы, б.и.к., доцент А.М. Абдыкааров, К.И.Скрябин атындагы  Кыргыз улуттук агрардык университетинин жаныбарлардын ички илдеттери кафедрасынын башчысы, в.и.д., профессор М.Д.Ногойбаев,  Талас мамлекеттик университетинин  табигый илимдер кафедрасынын башчысы, б.и.к., доцент З.М.Ташибекова  ж.б. окумуштуулар, аспиранттар, магистранттар катышышты.

         Конференцияны И.Арабаев атындагы КМУнин ректору, т.и.д., профессор Т.А.Абдырахманов куттуктоо сөзү менен ачып берди.

         Конференциянын пленардык кеңешинде республикабыздын ичиндеги жана чет элдик окуу жайлары илим жаатында көптөгөн илимий долбоорлорду бирге ишке ашыруу боюнча сунуштарын киргизишти. Конференцияны уюштуруучулардын атынан факультеттин деканы, п.и.д., профессор М.Ж.Чоров, Жалпы биология жана ОТ кафедрасынын башчысы, б.и.к., проф.м.а. Г.А.Шаршеналиева конференциянын катышуучуларына бул илимий иш чарага  колдоо көрсөтүп, кызыктуу илимий маалыматтар, олутту, заманбап педагогикалык тажырыйбалар  менен бөлүшүүгө келген катышуучуларга  ыраазычылык билдиришти жана ар бир катышуучуга сертификаттар ыйгарылды.

            Конференцияда төмөндөгү 2 секция боюнча илимий докладдар талкууланды: Секция: Азыркы кездеги биологиянын көйгөйлөрү. Кыргызстандын биоартүрдүүлүк проблемалары. Биологияны окутуу технологиялары;  Секция: Химиянын көйгөйлөрү жана нанотехнологиялар. Химияны окутуу технологиялары.
            Жалпы 54 илимий макала талкууланды. Конференциянын материалдары “Наука, новые технологии и инновация Кыргызстана” журналынын 2020-жылдын 11-сериясында басмадан чыгарылат. 
 

 


Top