Биофакта ачык сабак уюштурулган
Posted By: Admin Дата: 2021-01-14 14:12:21 Просмотров:14260

Буга чейин Биология жана химия факультетинин профессору  М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын окутуучусу, п.и.к., доц. м.а. Сапарбаева Уулай Чымыровнанын жетекчилиги астында Zoom платформасы аркылуу онлайн режиминде Бб-13-19, Бк-11-19 жана Б-1-19 группаларынын студенттерине “Кыргызстандын экологиялык абалы” аттуу темада куратордук ачык сабак өткөрүлгөн. Ал ачык сабакка кафедра мүчөлөрү толугу менен катышышкан болчу. 

Студенттер аталган тема боюнча актуалдуу деп саналган көйгөйлөр боюнча докладдарын окуп, көпчүлүгү эл көйгөйүнө айланган, Бишкек шаарын капганан кара түтүн, таштандылар боюнча доклад жасашып, атайын даярдаган слайддардын көрсөтүшкөн.

Талкуу кызыктуу өткөн. Жыйынтыгында окулган докладдар боюнча илимий макала жазуу сунуш кылынган. Ар бир катышкан студент өз пикирлери менен бөлүшүп, куратордук сабак жакшы уюштурулган.  


Top