Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын окутуучулары ЖОЖдор аралык талкууга катышышты
Posted By: Admin Дата: 2021-12-27 11:30:41 Просмотров:4322

Кыргыз-Түрк – Манас университетинин табыгый илимдер факультетинин “Биология” бөлүмү тарабынан республикалык деңгээлде  “ЖОЖдордун арасында биологияны  жана биотехнологияны окутууда келип чыккан  көйгөйлөр жана аларды  чечүү боюнча сунуштар" -  темасындагы улуттук панель уюштурулуп, 520 200 Биология багыты жана Биотехнология багыты боюнча бакалаврларды, магистранттарды даярдоодо билим берүүнүн негизги программаларынын түзүлүшү жана мазмуну, мамлекеттик стандарттар боюнча талкуу болду.

Бул улуттук панелге республикабыздын ар башка аймактарынын жогорку окуу жайлары катышты, алар Ош мамлекеттик университети, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана И.Арабаев атындагы КМУнин жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы дагы катышты.

Мындан тышкары панелге жумуш берүүчүлөр, магистранттар, бакалаврлар дагы катышып, өз ойлорун билдире алышты. Республикабыздын аталган багыттары боюнча академиялык коомчулугу негизги билим берүү программасында азыркы мезгилде теоретикалык билимдер көп берилип, материалдык-техникалык база жакшы жолго коюлбагандыктан практикалык сабактар аз өтүлөөрүнө токтолушту. Келечекте магистр бүтүрүүчүлөр иштеп кете ала турган база түзүү менен катар, негизги билим берүү программасында жана мамлекеттик стандартта рыноктун талабына ылайык, келечекте бүтүрүүчү иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн кесиптик компетенцияларды калыптандырган лабораториялык жана практикалык сабактардын санын көбөйтүү менен республика боюнча бирдей негизги билим берүү программасын иштеп чыгуу сунушталды. 

Улуттук панелде Табигый илимдер факультетинин деканы, б.и.д., профессор Г.Т.Курманбекова, Биология бөлүмүнүн башчысы, б.и.к., доцент К.Б.Чекиров, Дыйканчылык илим-изилдөө институтунун өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары лабораториясынын башчысы, PhD Биржан Усубалиев жана К.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин Агрономия жана токой чарба факультетинин окутуучусу Гүлназ Жалилова жана башка жумуш берүүчүлөр доклад окушту.

Бул талкууга жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы, б.и.к., профессордун м.а. Г.А.Шаршеналиева катышып, биология багыты боюнча пикирин билдирди.


Top