Биология жана химия факультетинде “Кесиптик практика келечекти аныктайт”аттуу өндүрүштүк практикага арналган конференция болуп өттү
Posted By: Admin Дата: 2022-06-06 09:36:17 Просмотров:5867

Биология жана химия факультетинде 2-3-курстардын адаптациялык жана кесиптик-базалык практикалары боюнча “Кесиптик практика келечекти аныктайт”аттуу жыйынтыктоочу  конференциясы болуп өттү

1-июнда 2-3-курстардын адаптациялык жана кесиптик-базалык практикалары боюнча “Кесиптик практика келечекти аныктайт” аттуу жыйынтыктоочу конференциясы университеттин жумушка орноштуруу жана маркетинг борбордун жетекчиси, фил.и.к., доц. Азизбек уулу Бакыт жана практика боюнча жооптуу кызматкери п.и.к., доц. Т.Бектуровдун катышуусу менен илимий китепканада өткөрүлдү.

Ар бир тайпа бир тарбиялык сааттын жана биология, химия предметтери боюнча  сабактын фрагментин көрсөтүшүп,  калыстардын чечими менен Хб-13-19 жана Хк-11-19 тайпалары “Углеводдор” аттуу темада Plickers платформасында (химиялык ребус логикалык сабактын) фрагменти жана ушул эле тайпанын студенттери “Китеп билим булагы” аттуу тарбиялык саат боюнча университеттин жыйынтыктоочу конференциясына жолдомо алышты.

Жыйынтыгында, конференцияда студенттер адаптациялык жана кесиптик-базалык практикалардын жетишкендиктери жана көйгөйлөрү боюнча талкууланып, сунуштар берилип, практика учурунда өзүн жоопкерчиликтүү жана кесиптик жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алган алдыңкы студенттер университеттин жана факультеттин ардак грамоталары менен сыйланышты.

 

        


Top