Биология жана химия факультетинде “И.Арабаевдин агартуучулук ишмердүүлүгүнүн заманбаптуулугу” аттуу семинар болуп өттү
Posted By: Admin Дата: 2022-11-29 10:13:19 Просмотров:2170

25-ноябрда биология жана химия факультетинин профессордук-окутуучулар курамына жана студенттерине педагогика кафедрасынын проф.м.а. Миргүл Эсенгулова “И.Арабаевдин агартуучулук ишмердүүлүгүнүн заманбаптуулугу” аттуу темада семинар өттү. Семинарда И.Арабаевдин “Табият таануу алиппесинин” бүгүнкү күндөгү заманбап өнүгүүсү жана интеграция маселелери тууралуу сөз болду. Студенттер жана окутуучулар тарабынан кызуу талкуу жаралып, И.Арабаев билим алган Галия медресесине студенттик изилдөө экспедициясын жүргүзүү жана башка идеялар жаралды. 


Top