Биология жана химия факультети И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата “Өрнөктүү өмүр өчпөйт” аттуу конференция өткөрдү
Posted By: Admin Дата: 2022-11-30 13:40:25 Просмотров:1291

Бүгүн, 30-ноябрда Биология жана химия факультети И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата “Өрнөктүү өмүр өчпөйт” аттуу конференция өткөрдү.

Аталган иш чарага университеттин окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, факультеттин деканы Маматкан Чоров жана башка окутуучулар, студенттер катышышты.

Конференцияда 4-курстардын кесиптик-профилдик практикасынын жыйынтыгы баяндалды.

Ошондой эле, студенттер тарабынан И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналган баяндамалар жасалып, автордук ыр саптар окулуп, театрлаштырылган класстык сааттан үзүндү коюлду.

Иш чаранын соңунда студенттер факультеттин мактоо барагы менен сыйланышты.


Top