Биология жана химия факультетинде кереге отурум форматында практикалык ачык сабак өтүлдү
Posted By: Admin Дата: 2022-12-23 13:30:18 Просмотров:2783

Биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын доценти К.Ш. Абдыкеримова “Биология” адистигинин Б-1-20 тайпасынын студенттерине “Биотехнология” дисциплинасынан «Экологиялык жактан таза энергияны алуунун булактары» аттуу темада кереге отурум форматында практикалык ачык сабак өттү.

Ачык сабакка факультеттин профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Анда тема боюнча кызуу талкуу жүрүп, Бк-11-20, Б-1-19 тайпасынын студенттери активдүүлүк көрсөтүштү.


Top