Сыйлык- сыймык!
Posted By: Admin Дата: 2023-01-10 15:13:20 Просмотров:2864

29-декабрда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Биология жана химия факультетинин химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору, химия илимдеринин кандидаты Молдошев Адылбек Молдошевичти “Кыргыз республикасынын билим берүүсүнө эмгек синирген кызматкер” ардак наамы менен сыйланды.

Адылбек Молдошевичти окуу жайдын жалпы жамаатынын атынан куттуктайбыз!

Молдошев Адылбек - И. Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору, химия илимдеринин кандидаты аталган окуу жайда 1996 – жылдан бери эмгектенип келет.

1996-1998-жж. И. Арабаев атындагы КМУнун Химия кафедрасынын башчысы;

1998-2003-жж. И. Арабаев атындагы КМУнун Химия кафедрасынын профессору;

2003-2008-жж. И. Арабаев атындагы КМУнун Табигый-илимий сабактарды окутуу кафедрасынын башчысы;

2008-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин И. Арабаев атындагы КМУнун Химия кафедрасынын профессору.

Эмгектери:

111 илимий-методикалык эмгектердин автору  (2 монография, 3 автордук күбөлүк, 2 патент, 11 окуу китеби жана окуу -  методикалык куралдары, 93 илимий макала).

Сыйлыктары:

  1. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамотасы (1992-ж.);
  2. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы (1992-ж.);
  3.  И.Арабаев атындагы юбилейлик медаль (2005-ж.);
  4.  И. Арабаев атындагы КМУнун  грамотасы            (2006-ж.);
  5. И. Арабаев атындагы КМУнун  Ардак грамотасы  (2009-ж.);
  6.  И. Арабаев атындагы КМУнун  Ардак грамотасы  (2011-ж.);
  7.  И. Арабаев атындагы КМУнун Ардактуу профессору (2012-ж.);
  8.  И. Арабаев атындагы КМУнун Ыраазычылык каты  (2013-ж.);
  9.  И. Арабаев атындагы КМУнун  Ардак грамотасы  (2020-ж.);
  10. “Шериктештиктин Жылдыздары” (“Звезды Содружества”) Мамлекеттер аралык сыйлыгынын лауреаты (2020-ж.);
  11. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2021-ж.).


Top