И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ОшМУда
Posted By: Admin Дата: 2023-02-03 13:45:07 Просмотров:1569

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана химия факультетинин 3-курсунун студенттери Урматай Паизова жана Шерзод Каршибаев 30-январдан тартып академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин табият таануу, туризм жана агрардык факультетинде билим алып жатышат.  

Аталган студенттердин академиялык мобилдүүлүк учуруна дал келген кесиптик-базалык практикаларын 6-февралдан тартып Ош шаарындагы Ю.Гагарин атындагы №17 мектеп-гимназиясында өткөрүшөт.

Белгилей кетсек, Ош мамлекеттик университетине жөнөтүлгөн студенттер окуудагы жетишкендиктери жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн буга чейин бир нече ардак грамоталарга ээ болушкан. Урматай Паизова химия боюнча Бүткүл россиялык онлайн олимпиадасынын  I даражадагы дипломунун ээси.


Top