КМУда Биологдор күнү белгиленди
Posted By: Admin Дата: 2019-05-06 17:35:22 Просмотров:16642

    «Биологдор күнү» башкы корпустун жыйындар залында 3-майда Биология жана химия факультетинин студенттеринин майрамдык концерти менен коштолду.

Факультеттин деканы Чоров Маматкан Жетимишович кечени ачып, Биология илимиинин адамзатына тийгизген таасири, дегеле коомдогу орду жөнүндө айтып, жамаатты майрамы менен куттуктап өттү.

Факультеттин атын алып жүргөн Мира Ботбаева баштаган белгилүү инсандар видео-слайд аркылуу каалоо-тилектерин билдиришти.

Уюштуруучулардын колдоосу менен мыкты деңгээлде өткөн бул майрамдык концерттик программада элдик, чыгыш жана заманбап ыр-бий, күүлөр аткарылды.


Top