Химия жана биология факультетинде «Химиктер күнү» белгиленди
Posted By: Admin Дата: 2019-05-18 12:40:08 Просмотров:16196

      Химия жана биология факультетинде «Химиктер күнү» белгиленди.

Факультеттин окутуучулары, студенттери катышкан бул иш-чарада студенттер тарабынан кызыктуу концерттик программа көрсөтүлдү. Декан М.Чоров бул күндү жыл сайын белгилеп туруу химиктердин башкы милдети экенин айтты.

3-курстун студенттери химиялык элементтердин образын оң жана терс каармандардын ролунда аткарып, абдан кызыктуу сценкаларды тартуулашты.

ЭлТР коомдук телеканалынын журналисттери «Кесипке даярдоо» программасына атайын чыгарылыш даярдоо үчүн аталган факультет жөнүндө кабар алышты.


Top