Медицина сүлүгүнүн түзүлүшү
Posted By: Admin Дата: 2019-05-21 18:28:10 Просмотров:13333

   Профессор М.Ботбаева атындагы Биоартүрдүүлүк кафедрасында доценттин м.а. А.Абдыкапарова 8-майда Бб-13-18 группасына «Медицина сүлүгүнүн түзүлүшү» деген темада лабораториялык сабакта студенттер топторго бөлүнүп таймаш өткөрүштү.

Медицина сүлүгүнүн сырткы жана ички түзүлүшү менен тирүү сүлүктүн мисалында таанышты.

Медицина сүлүгүнүн түзүлүшү, алардын башка муунактуу курттардан болгон айырмачылыктары, практикалык мааниси боюнча материалдар талкууланды.

Сүлүк менен дарылоо – гирудотерапия жана алар кайсы ооруларга каршы, кантип колдонулаары жөнүндө түшүндүрмө берилди.

Ачык сабак абдан кызыктуу жогорку деңгээлде өткөрүлдү.


Top