Флаг, Герб,Гимн

Герб желек

Мамлекеттик тил жана маданият институтунун гимни

Музыкасы: С.Алтымышовдуку Сөзү: Б.Алишеровдуку

 

Тил жаралып Көкө - Теңир таңынан,

Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган.

Адам деген түп сөзүнөн элимдин,

Кыргыз тили ай-ааламга жаңырган

 

кайырма:

Кыргыз тили -жүрөгүм,

Манас ата туу туткан.

Кыргыз тили - Мекеним

Менин өлкөм Кыргызстан!

 

Мекен тили Ата -Журттун кареги,

Биримдиги, күч-кубаты, тиреги.

Мекен тили куттуу кыргыз элимдин,

Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.

кайырма:

Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,

Мекен тили бак таалайдын кутманы.

Мекен тили кан жаныбыз, туубуз,

Ата- Журттун келечеги ак таңы