И.Арабаев атындагы КМУнун Япон таануу институту өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу институттагы студенттер менен On-line сабактарын өтүп жатышат. Институттун директору Айбек Самаровдун көрсөтмөсү боюнча институтта төмөндөгүдөй иш-чаралар жүргүзүлүүдө: Сабактардын жүгүртмөсү түзүлүп, профессордук-окутуучулар курамынын мүчөлөрү АVN, E-mail, Zoom, Whats app, Classroom программалары менен сабак өтүп, иштеп жатышат; Өтүлгөн сабактор боюнча институттун дирекциясына, окуу бөлүмүнө күнүмдүк, жумалык отчёттор берилип турат; Сабактардын отчёттору тексттик, фото, видео-сабактар түрүндө берилип жатат; Институттун 1-курстарынын ТОГУ-1-19 гр.студенттери институттун ППСке арнап, «Учитель, спасибо, за труд!» деген темада видео-ролик даярдап, тартуулашты.