ЗАСЕДАНИЕ № 21 - 12-июня 2020 ГОДА - ЗАЩИТА КАНДИДАТСКОЙ ДИССЕРТАЦИИ Сегизбаевой Н. и Мурзаева Н. Главная

2020-06-12 в 13:00:00

1

СЕГИЗБАЕВА НАЗГУЛЬ КАПАРОВНА
"БАКАЛАВР ДАРАЖАСЫНДАГЫ СТУДЕНТТЕРДИ КЫРГЫЗ ТИЛИН ДЕҢГЭЭЛДЕР БОЮНЧА ҮЙРӨТҮҮНҮН МЕТОДИКАСЫ"
13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз тили)
Диссертациялык иш И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультетинин Башталгыч класстарда орус жана кыргыз тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасында аткарылды.
 
Илимий жетекчи: Биялиев Кутманбек Абакович, педагогика илимдеринин доктору, профессор, КРСУнун кыргыз тили кафедрасынын башчысы.
Расмий оппоненттер: 
Сакиева Сайипжамал Салайдиновна, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика жана психология, башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы
Исираилова Акдана Маматалиевна, педагогика илимдеринин кандидаты, И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз тили кафедрасынын доценти.
Жетектөөчү мекеме:
Ош мамлекеттик университетинин Филологиялык билим берүүнүн технологиясы кафедрасы.
 
Диссертациялык иш 2020-жылдын 12-июнь саат 13.00дө И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) жана психология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу боюнча уюштурулган Д 13.18.580 диссертациялык кеңешинин жыйынында корголот.
Дареги:720023, Бишкек шаары, 10-кичи району, Т.Саманчин көчөсү, 10а
Диссертациялык иш менен И.Арабаев атындагы КМУнун (Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 51), Ж.Баласагын атындагы КУУнун (Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 547) жана КББАнын (Дареги: Эркиндик проспекти, 25) илимий китепканаларынан жана http: arabaev.kg /do.kg сайтынан таанышууга болот. ZOOM WEBINAR 8501999051
 
2
МУРЗАЕВ НИЗАМИДИН ТОКТОБЕКОВИЧ
"ДИЛБАЯН  ЖАЗУУ  ЖАНА  ТАЛДОО  АРКЫЛУУ  ОКУУЧУЛАРДЫН  ЧЫГАРМАЧЫЛЫК  ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН  ӨРКҮНДӨТҮҮНҮН  МЕТОДИКАСЫ"
 
13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз адабияты)
Диссертациялык иш Ош мамлекеттик университетинин  филологиялык билим берүү технологиялары  кафедрасында  аткарылды.

Илимий жетекчи: Муратов Абдыкерим Жаркынбаевич, педагогика илимдеринин доктору,  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын профессору.

Расмий оппоненттер: 

Батаканова  Светлана Топчуевнапедагогика  илимдеринин доктору, профессор  К.И.Скрябин атындагы улуттук агрардык университетинин проректору.

Абдрасулова Элмира Кыдырмаевна, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, И.К Ахунбаев атындагы  Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кыргыз тили кафедрасынын башчысы.

Жетектөөчү мекеме:   Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы, педагогика жана психология кафедралары. Дареги: 7156000, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад шаары, Эркиндик көчөсү, 51.

Диссертациялык иш 2019-жылдын  12-июнь саат 15.30да И.Арабаев атындагы  Кыргыз мамлекеттик университетинин  жана Ж.Баласагын атындагы  Кыргыз улуттук университетинин алдындагы педагогика илимдеринин доктору(кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу боюнча уюштурулган  Д.13.18.580 диссертациялык кеңешинин жыйынында корголот.

Дареги:720026, Бишкек шаары,10-кичи район, Саманчин көчөсү, 10 а.

Диссертациялык иш менен И.Арабаев атындагы КМУнун (Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 51), Ж.Баласагын атындагы КУУнун (Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 547) жана КББАнын (Дареги: Эркиндик проспекти, 25) илимий китепканаларынан жана http: arabaev.kg /do.kg сайтынан таанышууга болот

ZOOM WEBINAR 8501999051