Заседание № 5 - Защита диссертаций 29 сентября 2023 года соискателей Асаналиевой М. и Алибековой У. Главная

2023-09-29 в 13:00:00

1

2023-жылдын 29-сентябрында саат 13.00дө Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы КМУнун жана Ж. Баласагын атындагы КУУнун алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) жана психология илимдеринин кандидаты даражасын ыйгаруу боюнча Д 13.23.673 диссертациялык кеңеши Асаналиева Мээргүл Максуталиевнанын "Мектепке чейинки балдарга руханий тарбия берүүдө балдар адабиятынын материалдарын колдонуунун илимий-дидактикалык шарттары"деген темадагы 13.00.02 - окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз адабияты) адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын коргоого диссертациясын койгондугун кулактандырат. Дареги: 720023, Бишкек шаары, Т. Саманчин көчөсү, 10 А.

Илимий жетекчиси:    Сакиева Сайипжамал Салайдиновна педагогика илимдеринин доктору,          профессор.

Расмий оппоненттер:  Рысбаев Сулайман Казыбаевич  педагогика илимдеринин доктору,          профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын лаборатория башчысы;                  

Шералиева Анара Жолдошбековнапедагогика илимдеринин           кандидаты, М. Рыскулбеков атындагы КЭУнун мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын доценти.

Жетектөөчү мекеме:Ош мамлекетик педагогикалык университетинин башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана усулу кафедрасы.

          Диссертациялык иш менен И. Арабаев атындагы КМУнун, Ж. Баласагын атындагы КУУнун китепканаларынан жана http:arabaev.kg/do.kg сайтынан таанышууга болот.

Диссертациянын коргоосунун онлайн трансляциялоонун кирүү коду: https://vc.vak.kg/b/d13- oyf-pc2-yyg.

2

2023-жылдын 29-сентябрында саат 15.30дө Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы КМУнун жана Ж. Баласагын атындагы КУУнун алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) жана психология илимдеринин кандидаты даражасын ыйгаруу боюнча Д 13.23.673 диссертациялык кеңеши Алибекова Умирхон Болтабаевнанын «Мектептин XI классында «Манас таануу» курсун окутуунун технологиялары» деген темадагы 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз адабияты) адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын коргоого диссертациясын койгондугун кулактандырат. Дареги: 720023,  Бишкек  шаары, Т. Саманчин көчөсү, 10 А.

        Илимий  жетекчи: Турдугулов Али Турдугулович,  педагогика илимдеринин кандидаты, филология  илимдеринин доктору, Ж. Баласагын атындагы  Кыргыз улуттук университетинин кыргыз   адабияты кафедрасынын профессору.                                    

        Расмий оппоненттер: Акматов Кыялбек Камытович,педагогика илимдеринин доктору, доцент,КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин  мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу   башкармалыгынын  башчысы;                                                             

         Каранова Толгонай Нурбаевна,  педагогика иилимдеринин кандидаты, Баткен   мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунун гуманитардык факультетинин кыргыз тили жана тарых кафедрасынын доценти.

Жетектөөчү мекеме:Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты, педагогика жана психология кафедралары. Дареги:715600, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад ш., Ленин көч. 57.

Диссертациялык иш менен И. Арабаев атындагы КМУнун, Ж. Баласагын атындагы КУУнун китепканаларынан жана http:arabaev.kg/do.kg сайтынан таанышууга болот.

Диссертациянын коргоосунун онлайн трансляциялоонун кирүү коду: https://vc.vak.kg/b/d13- oyf-pc2-yyg.

 

Диссертациялык кеңештин

төрагасы, п.и.д., профессор:                                                     А. Ж. Муратов