Кандидаттык диссертацияны коргоо Главная

2023-04-28 в 13:00:00

1. 2023-жылдын 28-апрелинде саат 13.00 дө720026, Бишкек шаары, И. Раззаков көчөсү, 51 дареги боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча уюштурулган Д 13.23.662 диссертациялык кеңештин жыйынында Абдуллаев Маматсабыр Турганбаевичтин “Улуттук ордо оюнун дене-тарбия адистиктерин даярдоодо колдонуу негиздери” дегентемада 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы, 13.00.04 – дене-тарбиянын, спорттук машыгуунун, ден-соолукту чыңдоо жана адаптивдүү дене-тарбиясынын теориясы жана методикасы адистиктери боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн диссертацияны коргоо өткөрүлөт.

Илимий жетекчи: педагогика илимдеринин доктору, профессор Мамытов Абакир Мамытович.

Расмий оппоненттер:педагогика илимдеринин доктору, профессор Алимбеков Акматали; педагогика илимдеринин кандидаты Жакипов Адилбек Жолдошевич.

Жетектөөчү мекеме: Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жогорку мектептин педагогикасы жана факультет аралык дене-тарбия жана спорт кафедралары. 

Диссертациялык иш менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (720026, Бишкек ш., И. Раззаков көчөсү, 51) жана Кыргыз Билим берүү академиясынын (720000, Эркиндик бульв., 25) илимий китепканаларынан жана диссертациялык кеңештин расмий сайтынан таанышууга болот (www.arabaev.kg).

Диссертацияны коргоонун онлайн трансляциясынын идентификациялык коду: https://vc.vak.kg/b/132-iro-djs-est.

 

2. 2023-жылдын 28-апрелинде саат 16.00 дө720026, Бишкек шаары, И. Раззаков көчөсү, 51 дареги боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча уюштурулган Д 13.23.662 диссертациялык кеңештин жыйынында Акматова Уларкан Жидебаевнанын “Колледждин студенттеринин толеранттуулугун жогорулатуунун педагогикалык шарттары” дегентемада 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн диссертацияны коргоо өткөрүлөт.

Илимий жетекчи: педагогика илимдеринин доктору, доцент Карабалаева Гульмира Таштановна.

Расмий оппоненттер:педагогика илимдеринин доктору, профессор Мамытов Абакир Мамытович; педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Умарбекова Анара Анарбаевна.

Жетектөөчү мекеме: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика кафедрасы.

Диссертациялык иш менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (720026, Бишкек ш., И. Раззаков көчөсү, 51) жана Кыргыз Билим берүү академиясынын (720000, Эркиндик бульв., 25) илимий китепканаларынан жана диссертациялык кеңештин расмий сайтынан таанышууга болот (www.arabaev.kg).

Диссертацияны коргоонун онлайн трансляциясынын идентификациялык коду: https://vc.vak.kg/b/132-iro-djs-est.