Докторлук диссертацияны коргоо болот Главная

2017-09-29 в 14:00:00

2017-жылдын 29-сентябрында саат 14.00 дө, 720026, Бишкек шаары, И. Раззаков көчөсү, 51 дареги боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча уюштурулган Д. 13.15.522 диссертациялык кеңештин жыйынында Кособаева Бакдолоттун “Орто мектепте химиялык билим берүүнү өркүндөтүүнүн теориясы жана практикасы”  аттуу темада 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы; 13.00.02 – окутуу жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (химия) адистиктери боюнча педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын коргоосу болот.