И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу боюнча уюштурулган Д 13.18.573 диссертациялык кеңештин отуруму Главная

2018-09-05

Катышкандар: 11 диссертациялык кеңештин мүчөлөрү (келүү барагы тиркелет).

Күн тартиби:

  1. Мадаминов Гапыр Маматкуловичтин «Айыл мектептеринде ата-энелердин педагогикалык маданиятын өнүктүрүүнүн педагогикалык шарттары» аттуутемадагы кандидаттык диссертациясын 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча ачык коргоо(Илимий жетекчи: педагогика илимдеринин доктору, профессор Каниметов Ж.К.).
  2. Содиков Нозимджон Махмадаминовичтин«Мевлана Желаледдин Руминин мурастарындагы педагогикалык идеялар жана аларды азыркы мектеп окуучуларын тарбиялоодо колдонуу мүмкүнчүлүктөрү»аттуутемадагы кандидаттык диссертациясын 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча ачык коргоо(Илимий жетекчи: педагогика илимдеринин доктору, профессор Муратов А.Ж.).

3.1. Ар кандай маселелер. Диссертацияларды коргоого сунуштоо

1). Угулду: Окумуштуу катчы А.Т. Калдыбаеванын Сатывалдиев Дүйшөбай Ражабалиевичтин “Орто мектептин окуучуларына алгачкы химиялык, физикалык түшүнүктөрдү маалыматтык технологиялардын негизинде окутуунун методикасы” аттуу темадагы 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы, 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (химия) адистиктерибоюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясы боюнча эксперттик комиссиянын (эксперттер: п.и.д., проф. Каниметов Ж. К., п.и.д., доц. Кособаева Б.М., п.и.д., проф. Наркозиев А.К.) бүтүмүн кабыл алуу жөнүндөгү маалыматы.

2).Слушали: информацию ученого секретаря А.Т. Калдыбаевой, которая зачитала экспертное заключение комиссии (эксперты: д.п.н., проф. Дюшеева Н.К., д.п.н., проф. Наркозиев А.К., д.п.н., проф. Каниметов Ж.К.) по докторской диссертации Ажибаевой Айнуры Жакшымбековнына тему: “Теория и практика управления качеством подготовки учителей начальной школы” по специальности 13.00.01 – общая педагогика, история педагогики и образования на соискание ученой степени кандидата педагогических наук.

             3). Угулду: Окумуштуу катчы А.Т. Калдыбаеванын Кулуева Фарида Шабданбековнанын “Колледждерде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кесипке багыттап окутуунун педагогикалык шарттары” аттуу темадагы 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясы боюнча эксперттик комиссиянын (эксперттер: п.и.д., профессор Асипова Н.А.,  п.и.д., профессор Акиева Г.С., п.и.к., доцент Ибраев А.Д. ) бүтүмүн кабыл алуу жөнүндөгү маалыматы.

      3.2. Диссертациялык кеңешке илимий даражаларды берүүнүн жобосуна ылайык изденүүчүнүн документтерин кабыл алуу.

1. Угулду:Окумуштуу катчы А.Т. Калдыбаеванын Зулуев Бекмурза Бекболотовичтин “XIX кылымдын II жарымындагы жана XX кылымдын башындагы билим берүү тармагынын тарыхый өнүгүшү (Фергана өрөөнүнүн мисалында)” аттуу темадагы 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясы боюнча маалыматы (Илимий кеңешчи: п.и.д., профессор Муратов А.Ж.).

2.Угулду: Окумуштуу катчы А.Т. Калдыбаеванын Рыспаева Чолпон Курманбековнанын “Башталгыч класстардын окуучуларынын окуу мотивациясынын калыптанышынын педагогикалык шарттары” аттуу темадагы 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясы боюнча маалыматы (Илимий жетекчи: п.и.д., профессор Байсалов Дж.У.).