И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу боюнча уюштурулган Д 13.18.573 диссертациялык кеңештин отурумунун №12 токтом Главная
2018-12-07
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу боюнча уюштурулган Д 13.18.573 диссертациялык кеңештин отурумунун
№12 токтому
07.12.2018-ж.
Катышкандар: 10 диссертациялык кеңештин мүчөлөрү (келүү барагы тиркелет).
Күн тартиби:
- Зулуев Бекмурза Бекболотовичтин “XIX кылымдын II жарымындагы жана XX кылымдын башындагы билим берүү тармагынын тарыхый өнүгүшү (Фергана өрөөнүнүн мисалында)” аттуутемадагы докторлук диссертациясын 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча алдын-ала коргоо(Илимий кеңешчи: п.и.д., профессор Муратов А.Ж.).
Каралган маселе боюнча диссертациялык кеңештин отуруму токтом кылат:
- Педагогика илимдери боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясыныналдындагыдокторлук (кандидиттык) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн уюштурулган Д 13.15.522 диссертациялык кеңешинин Зулуев Бекмурза Бекболотовичтиндокторлук диссертациясы боюнча бүтүмү бекитилсин.
- Зулуев Бекмурза Бекболотовичке13.00.01 –жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин докторуокумуштуулук даражасын алуу үчүн коргоого кабыл алынсын.
- Расмий оппоненттер катары п.и.д., профессор Алимбеков А., п.и.д., профессор Раимкулова А.С., т.и.д., профессор Курманова Н.У. дайындалсын;
- Жетектөөчү мекеме катары С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика жана окутуунун технологиясы кафедрасы бекитилсин.
- Зулуев Бекмурза Бекболотовичтин диссертациясынын авторефератын чыгарууга уруксат берилсин.
2. Кашматова Жамиляхан Ашировнанын “Болочок башталгыч класстын мугалимдеринин ден-соолугун чыңдоо ишмердүүлүгүн калыптандыруу”аттуутемадагы кандидаттык диссертациясын 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча алдын-ала коргоо(Илимий жетекчи: п.и.д., профессор Анаркулов Х.Ф.).
Каралган маселе боюнча диссертациялык кеңештин отуруму токтом кылат:
- Педагогика илимдери боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясыныналдындагыдокторлук (кандидиттык) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн уюштурулган Д 13.15.522 диссертациялык кеңешинин Кашматова Жамиляхан Ашировнанынкандидаттык диссертациясы боюнча бүтүмү бекитилсин.
- Кашматова Жамиляхан Ашировнага 13.00.01 –жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн коргоого кабыл алынсын.
- Расмий оппоненттер катары п.и.д., профессор Каниметов Ж.К., п.и.к., доцент Иманбаев А.А. дайындалсын;
- Жетектөөчү мекеме катары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасы бекитилсин.
- Кашматова Жамиляхан Ашировнанын диссертациясынын авторефератын чыгарууга уруксат берилсин.
Диссертациялык кеңештин төрагасы,
педагогика илимеринин доктору, профессор Мамытов А.М.
Диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы,
педагогика илимеринин доктору, профессор Калдыбаева А.Т.