И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу боюнча уюштурулган Д 13.18.573 диссертациялык кеңештин отурумунун №16 токтом Главная
2019-02-07
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу боюнча уюштурулган Д 13.18.573 диссертациялык кеңештин отурумунун
№16 токтому
07.02.2019-ж.
Катышкандар: 10 диссертациялык кеңештин мүчөлөрү (келүү барагы тиркелет).
Күн тартиби:
- Рыспаева Чолпон Курманбековнанын “Башталгыч класстардын окуучуларынын окуу мотивациясынын калыптанышынын педагогикалык шарттары”аттуутемадагы кандидаттык диссертациясын 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча алдын-ала коргоо(Илимий жетекчи: п.и.д., профессор Байсалов Дж.У.).
Каралган маселе боюнча диссертациялык кеңештин отуруму токтом кылат:
- Педагогика илимдери боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясыныналдындагыдокторлук (кандидиттык) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн уюштурулган Д 13.15.522 диссертациялык кеңешинин Рыспаева Чолпон Курманбековнанынкандидаттык диссертациясы боюнча бүтүмү бекитилсин.
- Рыспаева Чолпон Курманбековнага13.00.01 –жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн коргоого кабыл алынсын.
- Расмий оппоненттер катары п.и.д., профессор Дюшеева Н.К., п.и.к., доцент Адылбек к.Г. дайындалсын;
- Жетектөөчү мекеме катары К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин педагогика жана психология кафедрасы бекитилсин.
- Рыспаева Чолпон Курманбековнанын диссертациясынын авторефератын чыгарууга уруксат берилсин.
2. Джакыпов Кубатбек Куланчиевичтин “Болочок музыка мугалимдерине комуз күүлөрү аркылуу эстетикалык тарбия берүүнүн педагогикалык шарттары”аттуутемадагы кандидаттык диссертациясын 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча алдын-ала коргоо(Илимий жетекчи: п.и.д., профессор Калдыбаева А.Т.).
Каралган маселе боюнча диссертациялык кеңештин отуруму токтом кылат:
- Педагогика илимдери боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Кыргыз билим берүү академиясыныналдындагыдокторлук (кандидиттык) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн уюштурулган Д 13.15.522 диссертациялык кеңешинин Джакыпов Кубатбек Куланчиевичтин кандидаттык диссертациясы боюнча бүтүмү бекитилсин.
- Джакыпов Кубатбек Куланчиевичке 13.00.01 –жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн коргоого кабыл алынсын.
- Расмий оппоненттер катары п.и.д., профессор Каниметов ЖК., п.и.к., доцент Джолдошбекова С.А. дайындалсын;
- Жетектөөчү мекеме катары Ош мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасы бекитилсин.
- Джакыпов Кубатбек Куланчиевичтин диссертациясынын авторефератын чыгарууга уруксат берилсин.
Диссертациялык кеңештин төрагасы,
педагогика илимеринин доктору, профессор Мамытов А.М.
Диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы,
педагогика илимеринин доктору, профессор Калдыбаева А.Т.